Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кызылчадан же кант камышынан иштетилип алынган, ак кристалл түрүндөгү таттуу азык заты. Кары кемпир, чалдарга кант салган кара чай кызык (Токтогул). Эт, сары май, сүт берип, Кантты, нанды бүт берип (Үмөталиев). Балдары аман болуп, тукуму өсүп, Кант, шекер, бал татысын ичкен чайы (Осмонов). 2. өт. Өтө таттуу, ширин, даамдуу. Өзөгү – бал, өзү – кант, Чөбү сонун Суусамыр (Барпы).